Дарыгерге асылып, орой мамиле кылган балалуу келиндин үстүнөн арыз жазылды

Автор -
1702

Бишкектеги № 3 шаардык балдар клиникалык ооруканасынын дарыгери аны сөз менен коркуткан аялдын үстүнөн арыз жазды. Бул тууралуу Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова билдирди, деп жазат 24.kg

Эске салсак, ооруканадагы окуя тууралуу видео соцтармактарга жарыяланды. Анда балалуу аял дарыгердин жазып берген көрсөтмөсүнө макул болбой, клиниканын кызматкерлерине орой мамиле кылганы көрүнүп турат.

«Дарыгер аймактык милицияга арыз жазды. Учурда баланын апасы жана анын жолдошу башкы дарыгердин кабылдамасында отурат. Иликтеп жатышат», — деди Бактыгүл Исмаилова.

Бөлүшүү