Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси кызматтан алынды

Автор -

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жарлыгына ылайык, аталган өлкөнүн Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Сухроб Олимзода башка кызматка которулганына байланыштуу кызматынан кетти.

Тажикстан башчысынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, анын ордуна Назирмад Ализода дайындалды.  Жаңы элчи 52 жашта, 2003-жылдан бери дипломаттык кызматтарды аркалап жүрөт. Ализода акыркы 5 жылдан бери Казакстанда элчилик кызматында иштеп, 2019-жылы ишин жыйынтыктаган.

Мурунку элчи Олимзода кайсы кызматка коюлганы азырынча белгисиз. Эскерте кетсек, 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында жергиликтүү тургундар арасында чыр чыккан. Буга байланыштуу тажик элчиси КР Тышкы иштер министрлигине чакырылып, нота тапшырылган болчу. 

Бөлүшүү