Кытайда уйгурлардын артынан тγшүү: чынбы же калппы? (Rai Al Youm, Улуу Британия)

Автор -
368

Rai Al Youm´га чыккан макала авторунун пикири боюнча, уйгурлар кѳйгѳйγ башынан аягына чейин жасалма, себеби дγйнѳдѳгγ эң ири экономика болууга бут тоскон кытай гигантына америкалыктар раса, диний жана улуттук кѳйгѳйлѳрдγ жаратууда. Кооптуу атаандашы менен кγрѳшγγдѳ АКШ мусулман мамлекеттерин кантип пайдаланат? Бул жөнүндө Rai Al Youm гезитинде макала чыкты.

Эгерде АКШ Кытайдын ички иштерине кийлигишип, анын экономикалык, аскердик жана илимий ѳсγγсγнѳ бут тосуп, Кытай менен Орусиянын Американын урап калган бир полярдуу дγйнѳсγнγн ордуна кѳп полярдуу тынчтыкты куруусуна жолтоо болбосо, биз Кытай бийлиги тогуз миллион уйгурду жок кылган кγнγ да, уйгур азчылыгынын Кытайдагы кѳйгѳйγ тууралуу кабарыбыз да болмок эмес, деп мен ишенимдуу билдирем.

Уйгур кѳйгѳйγ башынан аягына чейин жасалма экенин четке кага албайбыз, себеби дγйнѳдѳгγ эң ири экономика болууга бут тоскон Кытай гигантына америкалыктар раса, диний жана улуттук кѳйгѳйлѳрдγ жаратууда.

Трамптын кеңсеси жогоруда аталган максатка жетγγ γчγн текшерилген ыкманы колдонду. Эскерте кетсек, 1970-1980-жылдары Сауд Аравиясы менен бир нече мусулман мамлекеттери Советтер Союзун «ооган сазынан» алаксытуу максатында Ооганстанга жихад жиберип, натыйжада бул АКШнын «муздак согушта» жеңиши жана СССРдин кулашы менен бγттγ.

Ошентип, Сауд Аравиясы, Бириккен Араб Эмираты, Катар жана алардын шериктери НАТОго Ливияны жок кылууга жардам берген. Алар америкалык-израилдик «прокси согушу» γчγн Сирия, Ирак жана Йемендин талкаланышына кѳмѳктѳшγп, жγз миңдеген жаш адамдардын жаны кыйылып, маркумдардын диний фанатизмин жана жакырчылыгын ѳз жарандарына каршы багыттагандыгын айтпай эле коеюн.

Уйгур азчылыгына карата Кытайдын саясаты тууралуу маалыматты бурмалоо – «америкалык империянын» атаандашын жок кылып, Кытай биримдигине сокку уруу максатында мусулман мамлекеттеринин жардамы менен америкалыктар жγргγзγп жаткан γгγттѳѳ иши.

Мунун диний же гуманитардык тγшγнγктѳргѳ эч кандай тиешеси жок.

Оюмча, америкалыктарда диний же адеп-ахлак сезими болсо, алар Палестинага каршы чыгып, Израилдин пайдасы γчγн анын элинен баш тартып, палестиналыктарды куру бекер калтырмак эмес.

Кытайда уйгурларды куугунтуктап жатат деген маалыматка ишенген кγнγ да, анын жоопкерчилигин ѳз жарандарын Сирияга жѳнѳтγп, ал жерден аларды маңкуртка айлантып жаткан ѳлкѳлѳр албайт. Баса, сириялык тартипти кулаткандан кийин, шериктештер аскерлерин Кытайга жѳнѳтγп, Американын пландарына бут тосмокчу.

Айтмакчы, ѳзγн сыйлаган ѳлкѳлѳр дγйнѳ тынчтыгына коркунуч туулганда тумагын асманга ыргытып кубанбайт, Кытай да ошондой ѳлкѳлѳрдγн катарында.

Кыскасы, араб-мусулман мамлекеттери Америка сыяктуу дγйнѳ алптарына багынуусун уланта берсе, биринчиден, алар байыртадан бери ынтымактуу жашап келген ѳлкѳлѳр менен салгылашуусун уланта бермекчи. Экинчиден, мусулмандарга болгон жек кѳрγγ кγчѳй берет. Yчγнчγдѳн, диний партиялар бийликти багындырып алган ѳлкѳлѳрдѳ жашаган мусулмандардын коопсуздугун адам укугун коргогон жигерчилер менен эл аралык уюмдар камсыздай албай калат.

Бөлүшүү