Бишкекте кыз ала качкан жаран кармалды

Автор -

Бишкекте үй-бүлө куруу максатында кыз ала качкан 19 жаштагы жаран кармалды. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиргендей, окуя 2019-жылдын 29-ноябрында орун алган.

Маалыматка караганда, Октябрь РИИБине Ш. М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 29-ноябрь күнү кечинде Көк-Жар кичи районундагы тигүү цехтеринин биринен Р. Э. аттуу кызды (өз каалоосу менен эмес) белгисиз адамдар ала качып кетишкендигин билдирген.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«Тергөө, издөө иштеринин алкагында Октябрь РИИБинин кызматкерлери тарабынан 2000-жылы туулган Т. У. аттуу жаран кармалды. Кармалган жаран Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — дейт маалымат кызматынан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү