Таласта табылган ак илбирске 75 бытыра тийген

Автор -

Таластан алынып келген жарадар илбирске Бишкекте операция жасалды. Ага жалпы 75 бытыра тийсе, анын он сегизи башында болгон. Бул тууралуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы «Марал» радиосуна билдирди.

Маалыматка караганда, алдыда илбирсти дагы бир операция күтөт.

«Операциядан кийин ак илбирстин абалы жакшы, тамак ичип, басып калды. Жакшы болуп бара жатат. Толук жакшы болсо, экинчи операция жасалып, калган октор денесинен алынат. Ал эми Нарындан алынып келинген экинчи илбирс текшерүүдөн өткөндө эч кандай оору табылган жок. Болгону карылыгынан өз алдынча аңчылык кыла албай калыптыр. Учурда ал Ананьеводогу реаблитациялык борборго которулду» ,
деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Талас облусундагы Көк-Ой айылында жергиликтүү тургундар жарадар болгон ак илбирсти кармашкан. Жырткыч жаныбардын көзүнөн жана мурдунан кан агып турган, анын өзүнүн аймагынан кантип айылга келип калганы жана эмнеден жарадар болгону белгисиз болгон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү