Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын ички дүң өнүмү 2017-жылга салыштырмалуу 110 млрд. сомго көбөйүп, импорттун көлөмү 8,2% азайганын жана экспорт 7,6% арбыганын билдирди.
Өкмөт башчынын сөзү боюнча 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен өлкөгө келген инвестициялардын көлөмү 580 млн. АКШ долларын түздү. 2018-жылга салыштырмалуу өсүш 67,3% болду. Былтыр Кыргызстанга 8,5 млн. чет элдик жаран келген, бул 2018-жылга караганда 1,5 млн. көп.
Бул тууралуу Абылгазиев 14-январда мамлекеттик органдардын жетекчилери менен өткөн кеңешмеде билдирди.
«2020-жылы Жерүй, «Чаарат ЗААВ», «Этибакыр-Терексай», «Кыргыз унаа курулуш» жана «Кыргыз текстиль», «Металл кен», «Баден сервис» сыяктуу ири инвестициялык долбоорлор өз ишин башташат», — деди Абылгазиев.