Ысык-Көл: Жол кырсыгында каза тапкандар Кереге-Таштын тургундары болушкан (фото)

Автор -
614

Ысык-Көл облустук милициясы жол кырсыгынан эки адам каза тапканы тууралуу маалыматты тастыктады.

14-январь күнү болжол менен саат 02.30 чамаларында Ысык-Көл РИИБдин нөөмөт кызматына телефон аркылуу жол кырсыгы туралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге барган райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу, Ысык-Көл РИИБи боюнча ЖКККБдин кызматкери жол кырсыгынан жабырланган адамдарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, «Тез жардам» кызматы аркылуу райондук ооруканага жиберишкен.

Окуянын жагдайын териштирүү учурунда, Балыкчы-Ананьево-Каракол автожолунун 51-чакырымында Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылынын 37 жаштагы тургуну А.Шерик КаМаз үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаасы менен чыгыштан батышты көздөй баратып, карама каршы келе жаткан  Каракол шаарынын 31-жаштагы К. Элдиярдын башкаруусундагы МАN оор жүк ташуучу автоунаасы менен сүзүшүп алган.

Натыйжада, эки автоунаа белгисиз себептер менен өрттөнүп кетип, анын кесепетинен Камаз автоунаасынын айдоочусу Шерик жана анын жүргүнчүсү, 41 жаштагы айылдашы К. Айбек, окуя болгон жерден каза болушкан.

Ал эми, МАN  үлгүсүндөгү автоунаанын айдочусу К. Элдияр жана анын жүргүнчүсү 18 жаштагы Түп айылынын тургуну Ш. Нурдин денелеринен алган жаракаттары менен райондук ооруканага жаткырылган.

Аталган факты Ысык-Көл РИИБдин КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды жана жол кырсыгынын жагдайларын аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар дайындалды.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү