Ысык-Көлдө эки оор жүк ташуучу унаа кагышып, эки адам каза тапты

Автор -

Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылында унаа кырсыгынан эки адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 13-январда Балыкчы-Каракол унаа жолунун 55-чакырымында КаМаз жана «Мерседес-МАН» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалар кагышкан.

«Кырсыктын кесепетинен Камаз унаасынын кабинасы күйүп, 2 эркек киши каза болгон. Алардын денелери ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Дагы эки эркек киши жабыркаган (аты-жөндөрү такталууда), алар «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», -деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү