Токтогул районунда унаа оодарылып, бир адам каза тапты

Автор -

Токтогул районунда жол кырсыгынан бир адам каза таап, алты киши жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

«Бишкек-Ош унаа жолунун 293-чакырымында (Көтөрмө тилкеси) «Хонда Стрим»
үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Жол кырсыктын кесепетинен 1 эркек адам каза болуп, 6 адам ар түрдүү жаракат алышкан. Куткаруучулар каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп беришкен», — деп айтылат маалыматта.

Ишке 5 куткаруучу тартылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү