Алайда 4 баллдык жер титирөө катталды

Автор -

Бүгүн, 15-январда саат 15:19да Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4 балл, Кара-Киндик, Сары-Таш, Нура айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Зилзаладан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү