Чүйдө өспүрүм бала иске ууланып, жандандыруу бөлүмүнө түштү

Автор -

Чүй облусунда 2006-жыл туулган бала иске ууланып, оор абалда ооруканага түштү. Бул туурасында өз булактарына таянып, Kaktus.media жазды.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, Новониколаевка айылында үй-бүлө мештен чыккан иске ууланган — 3 чоң адам каза тапкан. Бала жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылып, жандандыруу бөлүмүндө эс-учун билбей жатат. Абалы оор экени айтылат.  

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү