Чек ара боюнча акцияга чыккандар бийликке талап коюшту

Автор -
355
24.kg

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин алдында кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени чечүү жана Баткенде чек ара чырына байланыштуу камакка алынган Көк-Таш айылынын төрт тургунун бошотуу  талабы менен нааразылык акциясы өтүп жатат.

Митингди уюштурган «Чек ара» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү бийликке бир нече талап коюшканын билдиришти.

Митинг катышуучуларынын талаптары:

  • Чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча комиссия ачык иштесин;
  • Чек арадагы каршылык учурунда кармалган төрт жаран бошотулсун;
  • Губернаторго кеңири укуктары кайтарылып берилсин;
  • Жеңиш Разаков менен Акрам Мадумаров кызматтан бошотулсун;
  • Комиссиянын курамына Курманбай Искендеров киргизилсин;
  • Баткен облусуна өзгөчө макам берилсин;
  • Чек ара сызыгы ыкчам такталсын;
  • Күйүүчү май аткезчилиги токтотулсун.
Баткен районунун Көк-Таш айылынын төрт тургуну «Массалык башаламандык» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча шек саналып 11-январда кармалган. Кадамжай райондук соту 13-январда аларды бир айга камакка алды.

14-январда кыргыз-тажик чек арасында «Кызыл-Бел» жана «Гүлистон» көзөмөл-өткөрмө жайларынын аймагында эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү болуп, алты маселе камтылган протоколго кол коюлду.