Казакстандагы жол кырсыгынан төрт кыргыз жараны каза тапты

Автор -

Түндө Актөбө (Казакстан) облусунда болгон жол кырсыгынан Кыргызстандын 4 жараны каза тапты. Жүргүнчүлөрдүн бири, кыргызстандык аял ооруканага жеткирилди, деп жазат «Казинформ».

Авария 16-январда, саат 01:30да Самара-Шымкент унаа жолунда болгон.

«LADA 21070 унаасынын айдоочусу, кыргыз жараны, Аральск шаары тараптан келе жаткан. Жолдун тайгалак бөлүгүнөн унаасын башкара албай калып, каршы тилкеге чыгып кеткен. Ал жактан Chevrolet Cruze менен кагышкан. Кесепетинде LADA унаасынын 29 жаштагы айдоочусу жана анын үч жүргүнчүсү — Кыргызстан жарандары — окуя болгон жерде мүрт кетишти», —деп билдирет Актөбө облусунун Полиция департаментинин басма сөз катчысы Ерболат Саркулов.

Унаадагы дагы бир жүргүнчү аял райондук ооруканага жеткирилди.

Бөлүшүү