Ок тийген ак илбирсти дарылоого көмөк көрсөтүп башташты

Автор -

Таласта кармалган жаралуу ак илбирсти дарылоого акча топтош үчүн банк эсеби ачылды. Бул туурасында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинен билдиришти.

Учурда «РСК банкы» илбирсти дарылоого 50 миң сомдук сертификат бергени айтылат. «Бугу-Эне» коомдук фондусунун директору Салтанат Сеитова соцтармакта кайдыгер карабаган жарандар аталган уюмдун электрондук капчыгына да акча которуп башташканын билдирди. Ошондой эле, Бишкек шаарынын тургуну Жаабарска 9 килограмм эт алып келип берген.

 

10-январда Кыргыз мамлекеттик агрардык университетинин ветеринардык клиникасында илбирске операция жасалып, анын башына тийген бытыранын 18 калдыгы алынган.

Ак илбирсти аткандарды азыр Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин кызматкерлери күч органдары менен чогуу издеп жатышат. Сейрек кездешкен жаныбар Таластагы Көк-Ой айылынан жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, кийин Бишкекке жеткирилген.
Ак илбирс Кызыл китепке кирген жана өзгөчө коргоого алынган. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 324 ак илбирс бар. Ага зыян тийгизгендерге 1,5 миллион сомдук айыппул каралган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү