Кыргызстандык жаран дайынсыз кеткен кызын Москванын тергөө абагынан тапты

Автор -

Издөөдө жүргөн кыргызстандык кыз Москванын Тергөө абагынан табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кыз уурулук кылган үчүн камакка алынган.

«2019-жылы декабрь айында Чүй облусунун 50 жаштагы Н.А. аттуу  тургуну дайынсыз жоголгон 1998-жылы туулган А.С. аттуу кызын табышууга жардам сурап кайрылган. Аялдын айтымында, кызы акыркы жолу 2019-жылдын декабрь айынын орто ченинде байланышка чыгып, ошол боюнча кабары жок болуп кеткен. Андан сырткары, башка туугандары да кызды издеп кайрылышкан. Иликтөөнүн жыйынтыгында, А.С. Орусия Федерациясынын Кылмыш жаза-кодексинин 158-беренеси (чоң өлчөмдө зыян келтирген уурулук) боюнча кылмышка тартылып, СИЗОго киргизилгени аныкталган. Ошондон кийин дайынсыз жоголгон А.С.ны издөө иштери токтотулган. Учурда туугандарына факты тууралуу маалымдалып, юридикалык кеңеш берилген», — деп жазылат билдирүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү