Путин премьер-министрликке Михаил Мишустинди көрсөттү

Автор -

Орусиянын президенти Владимир Путин өкмөттү жетектөөгө Федералдык салык кызматынын төрагасы Михаил Мишустиндин талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта Владимир Путин Михаил Мишустиндин  макулдугун алгандан кийин, анын талапкерлигин Мамлекеттик Думага жөнөткөнү айтылат.

53 жаштагы Михаил Мишустин Федералдык салык кызматын 2010-жылдан бери жетектейт.

Орусиянын президенти Владимир Путин кечээ, 15-январда Федерация Кеңешинде кезектеги кайрылуу менен чыккандан кийин премьер-министр Дмитрий Медведевди кабыл алган.

Анда Медведев Путиндин Конституцияга өзгөртүү киргизүү сунуштарына байланыштуу орус өкмөтү отставкага кетерин жарыялаган. Медведев өкмөттүн кызматтан кетишин президентке керектүү чечимдерди кабыл алууга толук мүмкүнчүлүк түзүп берүү максаты менен түшүндүргөн.

Путин Медведевге жаңы өкмөт куралгыча милдетин толук аткарып турууну сунуштаган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү