Бишкекте түндө чыккан өрттөн 80 жаштагы карыя жабыркады

Автор -

Бишкектин 5-кичи районундагы үйлөрдүн биринде түндө өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, саат түнкү 1:00 чамасында аталган кичи райондо №7 үйдүн подъездинин эшиги күйүп жатканы белгилүү болгон. Өрт катталган жерден 10 адам коопсуз жайга эвакуацияланган,

Кырсыктын кесепетинен 80 жаштагы М.А. аттуу карыя ооруканага жеткирилген. Учурда абалы туруктуу экени айтылат. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү