Санкт-Петербургда эки кыргыз таксист тонолгон. Шектүүлөр кармалды

Автор -

Санкт-Петербургда такси кызматында иштеген кыргыз жаранына кол салып, карактап кеткендер кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин Россиядагы Өкүлчүлүгүнүн билдиргенине караганда, биринчи факт 2020-жылдын 5-январында катталган. Болжол менен 23:30да шаар көчөлөрүнүн биринде 4 киши такси чакырышкан. Унаанын ичинен алар айдоочуга, 27 жаштагы кыргыз жаранына кол салышкан.

Кылмышкерлер айдоочунун мойнуна аркан салышып, бычак менен коркутуп, акчасын, 3 уюлдук телефонун тартып алышкан. Анысы аз келгенсип, таксистти унаадан ыргытып жиберип, машинасын айдап кетишкен.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө учурунда кол салгандардын үчөө 20-25 жаштагы, төртүнчүсү 30-35 жаштагы азиат улутундагылар экени белгилүү болгон.

12-январь күнү аталган факт боюнча коңшу мамлекеттин жарандары кармалды. Алардын бул кылмышты кылганы толугу менен далилденип, уурдалып кеткен унаанын турган жери аныкталды.

Мындан сырткары, ушул эле январь айында белгисиз үч адам 25 жаштагы кыргыз жараны башкарып бараткан таксиге түшүшкөн. Жолдон кардарлар айдоочунун бетине газ баллондон чачып, 15 миң рубль акчасын, уюлдук телефонун, эки банктык картасын жана документтерин алып качып кетишкен.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, 9-январь күнү шектүү катары коңшу өлкөнүн жарандары, бир тууган ага-инилер кармалды. Алардын күнөөсү толугу менен далилденди.

Бөлүшүү