Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасынын орун басары алмашты

Автор -

Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасынын орун басары алмашты. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Азиз Канатбек Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасынын орун басары кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Тиешелүү буйрукка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Өкмөт башчынын башка жарлыгы менен  Саткынай Насбекова Жогорку аттестациялык төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү