Бишкекте 4-кабаттан секирип кеткен кыздын абалы айтылды

Автор -

Бишкекте 4-кабаттан секирген 19 жаштагы кыз жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулду. Бул тууралуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыз бүгүн, 17-январда палатага которулган. Кыздын абалы орточо оордукта, бирок туруктуу деп бааланууда. Дарыгерлердин айтымында, кыз өзүнө жакшы келе элек жана жерге тийгенде жарылып кеткен көк боорун алып таштоого туура келген.

Эскерте кетсек, окуя 15-январь күнү саат 19:00 чамасында Жибек Жолу кең көчөсү менен Орозбеков көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан 5 кабаттуу үйдө болгон. 4-кабаттан секирип кеткен кызды «Тез жардам» кызматы ооруканага жеткирген. Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Кыздын эмне себептен секиргени азырынча тергөө кызыкчылыгында айтыла элек. 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү