ЖЭБ боюнча соттолгондордун аппеляциялык арызы каралат

Автор -

Бишкек шаардык соту Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш иши боюнча айыпталгандардын жактоочуларынын аппеляциялык арызын кароо боюнча отурумдун датасын аныктады. Бул тууралуу юрист Нурбек Токтакуновго таянып, 24.kg жазды.

Токтакуновдун айтымында, процесс 20-январда башталат. Маалыматка караганда, баардык айыпталуучулардын жактоочулары Свердлов райондук сотунун өкүмүнө даттанышты.

Эске салсак, мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков 15 жылга эркинен ажыратылды. Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана «Электрдик станциялар» ААКнын мурунку башчысы Салайдин Авазов ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү