FactCheck порталынын редактору, журналист Болот Темиров өзүнө кол салууга шектелип кармалгандардын ичинен бирөөсүн тааныды. Бул туурасында ал өзү «Азаттыкка» билдирген.
9-январда журналистке Бишкекте белгисиз адамдар кол салып, сабап кетишкен болчу. Бул иш боюнча шектелип, 14-январь күнү төрт киши кармалган.
[ads-quote-center cite=’дейт Темиров.’]«16-январда милицияга чакырып, шектүүлөрдү көрсөтүштү. Ичинен бирөөнү тааныдым. Калган үчөөнү кол салуу учурунда көргөн жок элем, тааный албадым»,[/ads-quote-center]Анын айтымында, кол салуу учурунда жоголгон телефону табыла элек. Журналист өзүнө кол салууну кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштыруудан жазбай турганын кошумчалады.