Кыргыз-кытай чек арасы бир жумага жабылат

Автор -

Кыргыз-кытай чек арасы 24-январдан 30-январга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кытай Эл Республикасында жаз майрамы белгилене тургандыгына байланыштуу, кытай тараптын демилгеси менен «Торугарт» жана «Эркечтам» унаа жолунун өткөрүү пункттары бир аптага убактылуу жабылат. 31-январдан баштап өткөрүү бекеттери кадимки тартипте иштеп баштайт.  

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү