Болот Темиров өзүнө кол салгандардын бирин тааныды

Автор -

FactCheck порталынын редактору, журналист Болот Темиров өзүнө кол салууга шектелип кармалгандардын ичинен бирөөсүн тааныды. Бул туурасында ал өзү «Азаттыкка» билдирген.

9-январда журналистке Бишкекте белгисиз адамдар кол салып, сабап кетишкен болчу. Бул иш боюнча шектелип, 14-январь күнү төрт киши кармалган.

«16-январда милицияга чакырып, шектүүлөрдү көрсөтүштү. Ичинен бирөөнү тааныдым. Калган үчөөнү кол салуу учурунда көргөн жок элем, тааный албадым»,
дейт Темиров.

Анын айтымында, кол салуу учурунда жоголгон телефону табыла элек. Журналист өзүнө кол салууну кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштыруудан жазбай турганын кошумчалады.

Бөлүшүү