Адилет министрлигинин кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды

Автор -

Адилет министрлигине караштуу пробация органынын Талас шаардык жана Талас району боюнча башкы адиси системалуу түрдө пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 45 жаштагы Н.К. өзүнүн кызматтык абалын пайдаланып, соттолуп эркиндигинен ажыратылган адамдарга анча оор эмес кылмыш үчүн пробацилык билдирүүлөрдү даярдоодо туруктуу негизде акчалай сый акы алып турган.

2020-жылдын 18-январында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө соттолгон «М.З.М.» карата пробациялык билдирүү даярдоодо аталган «Н.К.К.» талап кылынган сумманын бир бөлүгүн алып жаткан учурунда кармалды.

Кармалган «Н.К.К.» КР УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү