Бишкек — Торугарт жолундагы кырсыктан аскер кызматкери каза тапты

Автор -

Бишкек — Торугарт унаа жолунда болгон жол кырсыгынан аскер кызматкер каза тапты. Бул тууралуу Башкы штабдан билдиришти, деп жазат 24.kg.

Маалыматта 26 жаштагы ага сержант Ош облусунун Гүлчө айылында кызмат өтөп жатканы айтылат.

«Ага лейтенант каржы кызматынын жетекчиси болуп иштечү. Бишкекке командировага келген. Өлүмүнүн себептери такталууда», — дешти Башкы штабдан.

Эскерте кетсек, 19-январда Бишкек — Торугарт унаа жолунда Toyota Avensis менен Volkswagen Vento кагышкан. Volkswagen унаасынын айдоочусу каршы тилкеге чыкканы айтылат. Кырсыктан эки адам каза таап, жети киши жаракат алган.

Бөлүшүү