«Ата, киши сүзүп алдым, акча керек». Шылуун жактоочуну алдап, акча алууга аракет кылган (видео)

Автор -
204

Бишкекте жактоочу Бактыбек Жумашевди алдап, андан акча өндүрүүгө аракет кылган шылуун кармалды. Бул туурасында Жумашев өзү социалдык тармактагы баракчасында билдирди. «Ата, киши сүзүп алдым»

«Дем алыш күнү иштеримди аткарып, кеңсемде отургам. Бир маалда бейтааныш номерден чалуу келди. Чалган адам саламдашкандан кийин эле өзүн менин уулум катары көрсөтүп, «ата» деп баштады. Жол кырсыгына кабылып, киши сүзүп алганын, учурда милицияда отурганын, ишти тергөөгө өткөрбөө үчүн шашылыш акча керек болуп жатканын айтты. Кыскача айтканда, болушунча үрөйдү учурду. Чалган адамдын үнү уулумдукуна окшош экен, бирок мен анын үнүн айырмалай алам», -деп жазат Жумашев.

Юрист анын алдамчы экенин дароо эле түшүнгөн. Бирок ишенген түр көрсөтүп, шылуун сурап жаткан 200 долларды табууга бир саат сураган.

«Адегенде эле 102 номерине чалып, абалды түшүндүрдүм, алдамчыны акча алып жаткан жеринен кармаш керектигин билдирдим. 5 мүнөттөн кийин мага Биринчи Май РИИБинин ыкчам тобу кайра чалды. Ошентип, алдамчынын чабарманы акчаны алып жаткан маалында милиция кызматкерлери тарабынан кармалды», -деп билдирет Жумашев.

Учурда бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.