Ош шаарында «Казак» каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 1 айга СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Ал 17-январда Ош шаарынын Исанов көчөсүндөгү «Народный» дүкөнүнүн алдында катталган каракчылык фактысына катыштыгы бар экени аныкталып, кармалган.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык соту кечээ, 19-февралда шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, аны 17-февралга чейин камакка алган.
Буга чейин М.У. Ош шаарындагы «Скай-бар» түнкү эс алуу борборунда 23 жаштагы тургун менен сөз талаша кетип, аны миздүү нерсе менен желкесине жана оң каруусуна сайып, андан ары изин жашырып кеткен. Андан соң анын үстүнөн Ош шаарынын тургунунан арыз келип түшкөн. Анда 16 жаштагы кызды шектүү күч колдонуп, Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда зордуктап койгону жазылган. 8-январда аны үй камагына чыгарып жиберишкен болчу.