Интернетте бала «кулчулукка сатылып жатат». Милиция иликтей баштады

Автор -
313

Интернет айдыңына 10-11 жаш чамасындагы бала «кулчулукка сатылып жатканы» боюнча маалымат тарады. Анын баасы 200 сом деп белгиленген, деп жазат Sputnik.kg.

Мындай билдирүү Lalafo сервисине жарыяланган. Муну көргөн соцтармак колдонуучулары укук коргоо органдары окуяны териштирүүсү керектигин жазып, кызуу талкууга алышты.

Сервистин өкүлү Екатерина Светачева мындай билдирүү жакында эле чыкканын айтты.

«Бул аккаунттун башка жарыяларын карай турган болсок, анын ээси экинчи класстын окуучусу экенин түшүнүүгө болот. Ал буга чейин китеп, наклейкаларды сатып жүргөн. Кимдин сүрөтүн колдонгонун, тилекке каршы, айта албайм. Биз ага жазып көрдүк, бирок жооп берген жок», — деди Светачева.

Ал ошондой эле бул окуядан кийин сервистин модерациясы күчөтүлөрүн кошумчалады. Бишкек ШИИББ болсо факты боюнча териштирүү иштери башталганын маалымдады.