Италияда эски үйлөр 1 доллардан сатылып баштады

Автор -
283

Итальянын Бизачча коммунасында 90 тарыхый имарат 1 доллардан (68,5 рубль) сатылып баштады. Мындай жол менен жергиликтүү бийлик элдердин бул аймакка көчүп келүүсүн жандандырып, жок болуп бара жаткан общиналарды сактап калууга аракет кылып жатат, деп билдирет  CNN travel.

Сатып алуучуларга болгон башкы талап — алар имараттарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүшү керек. Бул жакта курулуштар жыш жайгашкандыктан, үйлөрдүн аралыктары аябай тар, кээ биринин жадагалса, чыгуучу эшиктери — жалпы.

Шаардын мэринин орун басары Франческо Тарталья жаңы үй сатып алгандар адамдарды турак жайдын мурунку ээлери менен эч кандай көйгөй болбой турганын билдирет. Коммунанын тургундары ынтымактуу.

«Жаңы келгендерди бул жакта эркелетип, аларга кам көрүшөт. Биз бул аймак кайра мурункудай жаркырап калышын каалайбыз», — деген аткаминер айым.

Имараттарды калыбына келтирүүгө 4 жыл берилет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү