Кыз ала качуу кылмышына шектелип, эки жаран кармалды

Автор -

Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында 19 жаштагы кызды ала качууга шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

2020-жылдын 11-январында Жети-Өгүз районунун ички иштер органдарына Токмок шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 11-январда анын 19 жаштагы кызын шаар көчөлөрүнүн биринен 2 жигит белгисиз унаа менен ала качып кетишкен.

Арыздануучу алардын артынан Ысык-Көл облусуна барып, Жети-Өгүз районунун айылдарынын биринен кызын тапкан. Аны алып кетип, дароо эле милицияга кайрылган.

Бул факт 175-берене (үйлөнүү максатында ала качуу) менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары андан аркы иш-чараларды жүргүзүү үчүн Токмоктун ички иштер органдарына өткөрүлүп берилген.

Токмоктун милициясы кылмышка шектүү катары Ысык-Көл облусунун 20 жана 27 жаштагы эки тургунун кармады. Алар Токмок ички иштер органынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кайра сот тарабынан үй камагына чыгарылды. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү