Ошто түндө көчөдө жүргөн эки жашар кыздын апасы табылды

Автор -
227

Ош шаарында түндө көчөдө жалгыз калган эки жаштагы кыздын апасы табылды. Ал өзү көчөдө кайыр сурап жан багары белгилүү болду.

Аялды 20-январь күнү саат 15:30 чамасында Ош шаарындагы Курманжан датка жана А.Навои көчөсүнүн кесилишинен табышкан. Милиция бөлүмүнө алынып келинген Р.Р. 29-декабрда таанышы менен бирге спирт ичимдиктерин ичип, уктап калышканын, ойгонсо кызы жанында жок экенин айткан.

«Издеп, таппай калдым. Бир жумадан кийин «интернетке чыгып кетиптир» деп айтышты. Бирөөлөр «сени милиция камайт экен» дегенинен, милицияга барган эмесмин», -деп билдирген кыздын апасы.

Ошондой эле, анын 5 жаштагы уулу бар экени, ал балдар  интернатында жашап жатканы белгилүү болду. Учурда аялды энелик  укуктан ажыратуу үчүн документтер даярдалууда. Ал эми, 2 жаштагы кыз реабилитациялык борбордо жашап жатат.

Бөлүшүү