«Чындык» гезитинин редактору үй камагына чыгарылды

Автор -

«Чындык» гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбековду эки айга үй камагына чыгарышты. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди бүгүн түнү Биринчи Май райондук соту кабыл алды. Айрым ЖМКлар анын бошотулушуна саясатчы Темир Сариев жардам бергенин айтышууда.

Эске салсак, буга чейин «Чындык» гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбековдун кармалганын юрист Чынара Жакупбекова билдирген.  Кийин жубайы жардам сурап, коомчулукка кайрылган.

Алдын ала маалыматка ылайык, Курсан Асанов Турсунбек Бейшенбековго жашыруун маалыматтарды жарыялоо үчүн жеткирип турган. Журналист өзү Курсан Асанов менен жакындан тааныш эместигин айтууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү