Россиядагы мушташтан 18 жаштагы кыргызстандык жаран каза болду

Автор -
483

Россияда мушташтан улам 18 жаштагы кыргызстандык жигит каза тапты. Бул туурасында анын айылдаштарына таянып, Turmush жазып чыкты.

Маалыматка караганда, мушташ кечээ, 20-январда чыккан. Аксы районунун Жерге-Тал айыл аймагынын тургуну, 2002-жылы туулган М.А. Новосибирск шаарында иштеп жүргөн.

Азырынча анын сөөгү мекенине келе элек. Мушташтын чыгуу себеби да белгисиз.

Бөлүшүү