Кыргызстан Кытайдан келген жүргүнчүлөрдү текшерип баштады

Автор -
AFP

«Манас» эл аралык аэропортунда Кытайдан келген жүргүнчүлөр текшериле баштады. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Бул чара коңшу мамлекетте тарап жаткан коркунучтуу илдетке байланыштуу көрүлүүдө. Санитардык-карантиндик пункттун адистери Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү каттамы менен келген жүргүнчүлөр арасында дене табы жогору же жугуштуу оору алып жүрүшү мүмкүн болгон адамдардын бары-жогун аралыктан аныктоо үчүн тепловизор колдонуп жатышат.

Кытайдан Бишкекке жогорудагы каттам менен күн сайын жүргүнчүлөр келип турат.  Коңшулардын Жаңы жыл майрамына байланыштуу 23-январдан 1-февралга чейин бул каттам убактылуу токтотулат.

Буга чейин орусиялык ЖМКлар өлкө окумуштуулары бир жумага жетпеген убакыттын ичинде коронавирусту баштапкы стадиясында аныктай ала турган каражат ойлоп табышканын жазып чыгышкан.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын соңунда кытай бийлиги Ухань шаарында өпкөнү сезгенткен белгисиз оору катталганын билдиришкен. Кийин анын адамдан адамга жугары белгилүү болгон. Шейшемби күнү кытай бийлиги бул илдетке кабылган 6 адам каза тапканын жарыялады. Акыркы эки суткада эле Кытайда дагы 139 адам бул вирусту жуктуруп алган. Алар көбүнесе Ухань шаарынын жашоочулары.

Эми бул вирус АКШга жеткени маалымдалды. Жардам сурап кайрылган бейтап 15-январда Ухань шаарынан кайтып барган.