Өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, акча талап кылган жаран кармалды

Автор -

Бишкекте өзүн ИИМ кызматкери катары тааныштырып, акча талап кылган жаран кармалды. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди, деп билдиришти Ички иштер министрлигинен.

Мекеменин маалыматына караганда, 20-январда укук коргоо органдарына М.Ж. аттуу жаран жардам сурап кайрылган. Анын айтымында, белгисиз жаран өзүн  милиция кызматкери катары тааныштырып, Н.К. аттуу аялды сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерге барууга мажбурлаганы үчүн жоопко тартарын айтып коркутуп, 60 миң сом талап кылган.  Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 203-берене (опузалап акча талап кылуу) менен катталган.

«21-январда ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө Бишкектеги кафелердин биринен 35 миң сом акча алып жаткан жеринен К. уулу У. шектүү катары кармалды. Аны текшерүү учурунда күрмөсүнөн «Коомдук көзөмөл» уюмунун кызматкери деген күбөлүк жана көтөрүп жүрмө радиостанция алынды. Текшерүүгө ылайык, К. уулу У. ички иштер органдарынын кызматкери эмес экендиги аныкталды. Учурда шектүүнүн мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат», — деп билдиришет басма сөз кызматынан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү