Сузакта аял эки баласы менен иске ууланып каза болду

Автор -
295

Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылында 33 жаштагы келин эки баласы менен иске ууланды. Бул тууралуу райондун акими Эрмек Омошев билдирди, деп жазат «Азаттык».

«Маалымат угар замат айылга барып, ал үй-бүлөдөн кабар алдык. Окуя 20-январь түндөсү болуптур. Үй ичиндеги мешке көмүр жагып, ошого ууланып калышкан. Кошуналары бир күн мурун эшигин такылдаткан учурда ачпай коюшкан. Эч ким билбегендиктен уулангандар эки күн үй ичинде жатып калышкан»,
деди Омошев.

Жергиликтүү бийлик 3 адам каза болгон үй-бүлөгө материалдык жардам берүүнү караштырып жатат. Айылдаштарынын айтымында, каза болгон келиндин күйөөсү Орусияда эмгек мигранты болуп иштечү. Каза болгон уулу 7 жана кызы 5 жашта болчу.

Былтыр февралда да Талас районунун Кара-Суу айылында иске ууланып 7-класстын окуучусу апасы экөө каза болгон эле.

Бөлүшүү