Токмокто аялын кызганып, бейтааныш жаранды сабап салган киши кармалды

Автор -

Токмок шаарында аялын кызганып, 23 жаштагы жаранды сабап салган шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 4-январь күнү 23 жаштагы С.Х. аттуу жаран Токмок ШИИБине арыз менен кайрылып, 3-январь күнү белгисиз жаран аны сабап, телефонун тартып алганын билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери башталган.

Ыкчам иликтөө тобу шектүү катары 28 жаштагы К.Д. аттуу жаранды кармашкан. Алгачкы тергөө ишинде шектүү аялын жабырлануучудан кызганып, бул ишке барганын айткан. Ал учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү