Өз кызын зордуктаган ата 20 жылга кесилди

Автор -
272

Чүй облусунда өз кызын зордуктаган киши 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу облустук прокуратурасынын өкүлү Нурлан Тагаев билдирди, деп жазат 24.kg.

Тагаевдин айтымында, мындай чечимди Сокулук райондук соту кабыл алган.

«Тергөө 52 жаштагы М.А. өз кызын зордуктаганын аныктап чыкты. Ал жосунсуз жорукту мас абалда жасаган. Кыз болгону 13 жашта болчу. Сотто мамлекеттик айыптоочу шектүүнү өмүр бою эркинен ажыратууну суранган, бирок сот ага өтө оор эмес жаза берди. Учурда прокуратура бул чечимге даттануу тууралуу маселени карап жатат», — деди Нурлан Тагаев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү