Баткенде аскер кызматкери октон жаракат алды

Автор -

Баткен облусуна караштуу Бужум айылында аскер кызматкери октон жарадар болду. Бул тууралуу Башкы штабдан билдиришти, деп жазат 24.kg.

Окуя мурунку түнкү ок атышуу практикасын өтөп жатканда болгон.

«Ефрейтор А.М оң билегин тешип өткөн октон жарадар болду. Жабырлануучу ооруканага жаткырылды, анын абалы канааттандыраарлык», — деп билдиришти Башкы штабдан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү