Өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү алмашты

Автор -

Нурболот Мирзахмедов Сабиржанович Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган кызматты буга чейин аркалап келген Кыянбек Сатыбалдиев кечээ, 22-январда берген арызына ылайык, кызматынан бошотулганы маалымдалган.
Эки буйрукка тең премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Нурболот Мирзахмедов 1978-жылы Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 2018-жылдын 20-апрелинен 2020-жылдын 23-январына чейин КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеп келди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү