Кара-Суу районунда 46 жаштагы тургун адам өлүмүнө шектелип кармалды. Бул туурасында Ош облустук милициядан билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, 2020-жылдын 22-январь күнү саат 11:15 чамасында Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Сүрөттүү-Таш айылынын 45 жаштагы тургуну А.О.нун жансыз денеси өзүнүн үйүндө табылгандыгы боюнча кабар түшкөн. Окуя болгон жерге барган Кара-Суу РИИБдин ыкчам тергөө тобу маркум А.О.нун денесин кароо учурунда ал киши колдуу болуп каза болгондугу белгилүү болгон.
Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында А.О. катуу соккудан улам боору жарылып, анын кесепетинен жан бергендиги тастыкталган. Милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнү аныктап, кармоо боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүшкөн. Натыйжада бул кылмышка шектүү катары ошол эле айылдын 46 жаштагы жашоочусу А.Б. кармалган.
Аталган факт Жазык кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктарын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Кылмышка шектүү Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Алгачкы иликтөө учурунда белгилүү болгондой, маркум менен кылмышка шектүү авто унаанын документи тууралуу сөз талашып мушташып кеткен. Ошол маалда маркум жыгылып түшкөндө шектүү аны буту менен боор тарапка катуу тээп жиберген. Андан кийин үйүнө кетип калган. Жабырлануучу алган жаратынан улам окуя болгон жерден каза болгон. Маркум 2014-жылдын күз айларынан бери аялы менен ажырашып кеткендиктен жалгыз жашап келген.