Төрага Франкфурт-на-Майне шаарынын атын туура окуду (видео)

Автор -
225

Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин отурумунда төрага Дастан Жумабеков мыйзам долбоорун окуп жатып, Франкфурт-на-Майне шаарынын атын туура окуду.

Белгилей кетсек, бүгүн депутаттар 2017-жылдын 18-сентябрында Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган «Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо» долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Мыйзамдын долбоорун экинчи окууда карашты.

Буга чейинки отурумдарда төрага эки жолу шаардын атын ката окуп, коомчулуктун сынына кабылган. Алгач «Франкфурт жана Маяне» деп окуса, кийинкисинде «Франкфурт-на-Маяне» деп салган. Депутат Исхак Масалиев аны бул катасы үчүн төрагалыктан чакыртып алуу сунушун киргизип, бирок ал колдоо тапкан эмес.

Франкфурт-на-Майне- Германиянын чоңдугу боюнча бешинчи орунда турган шаары. Ал Майн дарыясынын боюнда жайгашкан. Кыргызча которгондо — Майндагы Франкфурт, же Майн боюндагы Франкфурт. Бирок тилибизге орусча кандай айтылса, ошол бойдон (Франкфурт-на-Майне боюнча) кирип калган.

 

Бөлүшүү