Чүй ОИИБ: Эркин-Сайда кыздар уурдалганы тууралуу кабар тастыктала элек

Автор -

Чүйдүн Эркин-Сай айылында эки окуучу кызды уурдоо аракети болгону жөнүндө маалымат текшерилип жатат, бирок тастыктала элек. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 22-январда Панфилов районунун ички иштер башкармалыгына белгисиз бирөөлөр эки кичине кызды машинеге салып кеттүүгө аракет кылганы тууралуу кабар түшкөн. Бирок кыздардын өзүлөрүн суракка алганда алардын айткандары эки башка чыгып жатат.

«Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Жергиликтүү тургундарды сураштырганда, алар чоочун эч кимди көрбөгөнүн айтышты. Учурда айылдын тегерек-чети тинтүүгө алынып, машинелер текшерилип жатат. Кыздардын көрсөтмөсү эки башка чыгып жаткандыктан калп-чынын аныктоо үчүн дыкат териштирүү жүрүүдө»,- деп айтылат Чүй милициясынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү