«Манас» эл аралык аэропортунда каттамдардын убактысы жылдырылды

Автор -

«Манас» эл аралык аэропортунда туман түшкөнүнө байланыштуу айрым каттамдар жылдырылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 23-январда аэропорттун аймагында таңкы 3:00дөн тартып аба ырайы туруксуз болуп, туман түшүп турат.

«Учурда Москва-Бишкек-Москва жана Ташкент-Бишкек-Ташкент багытындагы эки каттамдын убактысы жылдырылды. Ошондой эле Ош-Бишкек ички каттамы кармалып жатат», -деп айтылат маалыматта.

Аэропорттун басма сөз кызматы каттамдар тууралуу маалыматты төмөндөгү телефондор аркылуу тактап алууну суранат: «Манас» — 0 312 693109 жана «Ош» — 0 3222 90101.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү