Ошто кыз ала качууга шектүүлөр кармалды

Автор -

Ошто кыз ала качууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20 жаштагы кызды 21-январда «Глобус» гипермаркетинин жанынан ала качып кетишкен. Кызды шектүүлөрдүн бири турмушка чыгууга мажбурлаган.

«23-январь түнү 2 шектүү колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды», — деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү