Саламаттыкты сактоо министри Кытай элчиси менен коронавирусту талкуулады

Автор -
357

Жолугушуу 23-январда кытай элчиси Ду Дэвэнь айымдын өтүнүчү менен болгонун Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Анда тараптар Кытайда пайда болгон коркунучтуу вируска байланыштуу кырдаалды талкуулашты.

Маалыматта айтылгандай, Кытай элчиси өлкөсүндөгү оору тууралуу маалыматты толук жана расмий кабарлоонун зарылчылыгын айтты. Элчи айым өпкөнү сезгенткен вирус тууралуу адистердин аныктамасын толугу менен министрге тааныштырды. Анын сөзү боюнча кырдаал толугу менен Кытай бийлигинин көзөмөлүндө, ошол эле учурда Кытайга баргысы келген чет элдиктерге виза берүү токтотулбайт.
Ду Дэвэнь өлкө бийлиги оору жайылып кетпеши үчүн Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен бирге катуу чараларды көрүп жатканын да кошумчалады.

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат үчүн элчи айымга ыраазычылык билдирип, оорунун алдын алуу үчүн тиешелүү деңгээлде чаралар көрүлүп жатканын билдирди. Чек араларда сырттан кирген жарандарды текшерүү күчөтүлгөнүн жана коомчулукка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтты.

Кытайда өпкөнү сезгенткен жаңы вирустан өлгөндөрдүн саны 17 кишиге чамалады. Өлкөнүн саламаттык сактоо мекемеси коронавирусту 571 адам жугузуп алганын кабарлады жана жарандарды илдет биринчи катталган Ухань шаарына барбоого чакырды.

Вирусту жугузуп алгандар АКШда, Жапонияда, Түштүк Кореяда жана Таиландда да катталды.

Маалыматтарга караганда бул вирус дем алуу органдары аркылуу жугат жана адамдан адамга да өтөт. Орусия вируска байланыштуу көзөмөлдү күчөттү. Кыргызстан баштаган Борбор Азиядагы мамлекеттер да чара көрүп жатат.

Адистердин айтымында, жаңы илдетке дабаа болчу дары жасап чыгарууга кеминде жарым жылдай убакыт кетиши мүмкүн