Бишкекте 45 жаштагы аял ондон ашык кылмыш ишине шектелип кармалды

Автор -

Бишкекте милиция кызматкерлери бир нече ирет алдамчылык кылганга шектелген аялды кармашты. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат катчысы кабарлады.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 21-январында шаар тургуну Т.Ж. арыз менен кайрылып, Айнура аттуу чала таанышына карата чара көрүүнү суранган. Арызда 2017-жылдын февраль айында жабырлануучунун таанышы акчасын көбөйтүп берем деп ишенимге кирип, 420 миң сомун алганы жазылган. Кийин качып кеткен.

«Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Ыкчам-тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү катары 1974-жылы туулган Н.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда шектүүнүн мындан башка дагы 16 ишке катыштыгы бар экендиги аныкталды. Шектүү делинген жарандын кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо үчүн тергөө иштери улантылууда», — деп билдирет басма сөз катчысы.

Милиция кызматкерлери сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо, 102ге же төмөнкү номерлерге байланышып коюуну өтүнүшөт.

Байланыш номерлери: ‭0(709) 249-900; 0(700) 669-664; 0(552) 777-784.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү