Матраимовдор 24.kg агенттигине карата доо арызын кайтарып алышты

Автор -

Депутат Искендер Матраимов, жубайы Миновар Жумаева, Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов, анын жубайы Уулкан Тургунова, ошондой эле «Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук фонду 24.kg агенттигине карата 15 миллион сом суммасындагы материалдык доо арызын кайтарып алды. Бул туурасында 24.kg агенттиги маалымдады.

Бүгүн, 27-январда аталган агенттик 2019-жылдын 22-ноябрында «Контрабандалык схемалар Райым Матраимовдун кланына алып барат. Журналисттердин иликтөөсү» деген аталышта өз сайтына чыккан материалга далилдери жок экенин, аны чыгарууда «Азаттык» менен Kloop басылмасынын журналисттик иликтөөлөрүнө таянганын жарыялашты.

Мындан улам доогерлер материалдык дооматты артка чакырып алууну чечишкен.

Соттун кийинки отуруму 29-январда өтөт.

Эскерте кетсек, Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсү «Азаттык», Kloop жана 24.kg маалымат агенттиктерин сотко берген. Доонун жалпы суммасы 60 млн сомго чамалаган.

Белгилей кетсек, буга чейин «Азаттык» жана Kloop сайты «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн жарыялаган. Аны 24.kg шилтеме берип жазып чыккан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү