Борбор калаада баңгизат жасап жаткан лаборатория аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.
Укук коргоо органдарына түшкөн ыкчам маалымат боюнча «Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү» беренеси менен соттук өндүрүш ачылып, анын алкагында 21-январь күнү атайын тергөө иштерин жүргүзүшкөн.
«Бишкек ШИИБдин Тергөө кызматы жана Криминалдык милициянын кызматкерлери Алтымышов көчөсүндөгү жеке менчик үйлөрдүн биринде кара куурай жана галлюциногендик козу карынды өстүрүп жаткан лабораторияны аныктады. Бардык каражаттар жана өсүмдүктөр алынды. Баңгизат каражаттарынын жалпы салмагы 438,07 килограммды түздү»,-деп айтылат маалыматта.
Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат.